17:39, 18-апрель, 2026

Кеминдин тургуну супермаркеттин артында өлгүчө сабалган

На русском
11:36, 18-апрель, 2026 904

АКИpress - Чүй облусунун милициясы ден соолукка оор зыян келтирген деген шек менен 1995-жылы туулган Е.Д., 1998-жылы туулган А.Н. жана 1997-жылы туулган Ф.М. аттуу жарандарды  кармашты.

Чүй облусунун милициясы билдиргендей, 15-апрелде саат 21:42 чамасында Кемин райондук ички иштер бөлүмүнө Кемин шаарындагы Исраилов менен Шевченко көчөлөрүнүн кесилишинен 40–45 жаштагы  эркек кишинин сөөгү табылгандыгы тууралуу кабар түшкөн.

Ыкчам иликтөө тобу каза болгон адам Кемин районунун тургуну — 1983-жылы туулган К.О. экендигин аныктады. Анын денесинде көк ала тактар жана тытыктар бар болчу.

Бул факт боюнча ден соолукка оор зыян келтирүү менен кылмыш иши козголгон.

15-апрелге караган түнү саат 01:00 чамасында Е.Д., А.Н. жана Ф.М. аттуу жарандар Кемин шаарындагы супермаркетке келишкени, ал жерден жабырлануучу менен жолугуп, алардын ортосунда чыр чыкканы аныкталган.

Шектүүлөр жабырлануучуну эркине каршы супермаркеттин артына алып барып, эсин жоготкончо сабап, андан соң окуя болгон жерден качып кетишкен. Маркум алган жаракаттарынын кесепетинен каза болгон.

Кармалгандар убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Учурда тергөө уланууда.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»