05:52, 19-апрель, 2026
Учурда окулуп жатат
14:45, 18-апрель, 2026 (2 адам окуп жатат)
19-апрелге карата аба ырайы

Сокулукта пара талап кылган үч милиционер кармалды, - УКМК

На русском
20:18, 17-апрель, 2026 3131

АКИpress - 16-апрелде Чүй облусунун Сокулук РИИБинин Т.Д.Н., К.А.К. жана М.Р.Ш. аттуу 3 кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалганын УКМКнын басма сөз кызматы маалымдады.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, кызматкерлер кылмыш ишин козгобоо үчүн 220 000 сом талап кылышкан. Буга чейин шектүүлөр сумманын 165 000 сомун алышкан. Кармоо Сокулук РИИБинин имаратында, калган 55 миң сом берилип жаткан учурда жүргүзүлгөн.

Кармалгандар УКМКнын тергөө абагына киргизилип, иштин бардык жагдайларын аныктоо үчүн тергөө иштери жүрүп жатат.

 

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»