21:36, 17-апрель, 2026

ТМУнун башкы катчысы Венгриянын премьер-министрин куттуктады

На русском
17:17, 17-апрель, 2026 268

АКИpress - Түрк мамлекеттери уюмунун (ТМУ) башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев Венгриянын жаңы шайланган премьер-министри Петер Мадьярды шайлоодогу жеңиши менен куттуктады.

Өз кайрылуусунда ал чын жүрөктөн куттуктоосун билдирип, саясатчыга алдыдагы кызматтык мөөнөтүндө ийгиликтерди каалады.

Башкы катчы Венгрия ТМУдагы биринчи байкоочу мамлекет катары өзгөчө орунду ээлей турганын белгиледи.

Ошондой эле ал Будапешттин жаңы жетекчилиги астында Венгрия менен ТМУнун ортосундагы өз ара аракеттенүү мындан ары да чыңдалып, өнөктөштүк жалпы көз караштын негизинде өнүгө берерине ишенимин билдирди.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»