21:19, 17-апрель, 2026

Компанияга мыйзамсыз 91 млн сомдук салык салынган, 4 адам жазаланды

На русском
10:52, 17-апрель, 2026 479

АКИpress - Башкы прокуратура «Б.» ЖЧКга карата 91 млн сомдон ашык салык мыйзамсыз эсептелгенин аныктады.

Тактап айтканда, салык органдарынын кызмат адамдары текшерүү учурунда мыйзам бузууларга жол беришкен. Текшерүүдө так эмес маалыматтар колдонулуп, товардык-материалдык калдыктарды аныктоодо каталар кеткен, ошондой эле кошумча нарк салыгы негизсиз эсептелген.

Бул аракеттердин натыйжасында ишкердик субъектисине 91 млн сомдон ашык суммада негизсиз салык жүктөлгөн. Прокурордук чара көрүүнүн жыйынтыгы менен мыйзамсыз эсептелген сумма жокко чыгарылып, ишкердин укуктары калыбына келтирилди.

«Тергөөнүн жүрүшүндө Салык кызматынын төрт кызмат адамы Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык айып пул түрүндөгү административдик жоопкерчиликке тартылышты», - деп жазылган маалыматта.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»