19:22, 16-апрель, 2026

УКМК кызматкерлеринин иши боюнча жеке ишкер камакка алынды

На русском
16:55, 16-апрель, 2026 522

АКИpress - 15-апрелде Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту жеке ишкерди камакка алуу чечимин чыгарды. Бул маалыматты «АКИpress» редакциясына 16-апрелде райондук соттун басма сөз кызматы тастыктады.

Р.И.Р. УКМК кызматкерлерине карата ачылган кылмыш ишинин алкагында кармалды. Ишти Аскер прокуратурасы иликтеп жатат. Ал 13-июнга чейин 21-тергөө абагына киргизилди.

Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, Р.И.Р. дүң соода менен алектенген «С.Э.К.» компаниясынын жетекчиси болуп саналат.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»