АКИpress - Бишкектин Биринчи май райондук соту 15-апрелде УКМКнын кызматкерин камакка алды. Бул маалыматты «АКИpress» редакциясына райондук соттун басма сөз кызматынан тастыкташты.
Т.Ш.М. кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланууга шектелүүдө. Ишти Аскер прокуратурасы иликтеп жатат. Ал 13-июнга чейин СИЗО-1ге киргизилди.
Архивдик маалыматтарга ылайык, 2025-жылдын январь айында ал УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгын жетектеп турган.