12:10, 17-апрель, 2026
Учурда окулуп жатат
10:18, 17-апрель, 2026 (24 адам окуп жатат)
Жалал-Абад милициясындагы жетекчи кармалды
11:30, 17-апрель, 2026 (17 адам окуп жатат)
Бишкекте кайгуулчу кармалды

БШК Мирлан Жээнчороевди депутат катары каттады

На русском
16:23, 16-апрель, 2026 2428

АКИpress - Борбордук шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча комиссия 16-апрелде №21 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин бошогон депутаттык мандатын Жээнчороев Мирлан Канатбековичке тапшырды.

Ал Жогорку Кеңештин депутаты болуп катталып, ага белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берилди.

Бул округдагы депутаттык мандат ЖКнын депутаты Кубанычбек Конгантиев кызматтан кеткенден кийин бош калган. Добуштардын рейтинги боюнча мандат Чыңгыз Айдарбековго өтүшү керек болчу. Айдарбеков 1 ай күткөндөн кийин мандаттан баш тартты. Буга чейин Ички иштер министрлиги анын үйүндө тинтүү жүргүзүп, кылмыш ишин козгогон.

Буга чейин депутаттык мандаттарын тапшыргандар:

  1. Элдар Сулайманов
  2. Нурланбек Тургунбек уулу
  3. Кундузбек Сулайманов
  4. Жанар Акаев — Ош шаарынын мэри болуп дайындалды
  5. Кубанычбек Конгантиев
  6. Курманкул Зулушев
  7. Шайырбек Ташиев
  8. Нурланбек Азыгалиев
  9. Гүлсүнкан Жунушалиева
  10. Абдылдабек Эгембердиев.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»