01:03, 17-апрель, 2026

Иран кемелери АКШнын блокадасын буйтап өттү, - «Bloomberg»

На русском
15:58, 16-апрель, 2026 645

АКИpress - АКШнын санкциялык тизмесинде турган жана Иранга тиешеси бар деп шектелген 2 кеме кечээ Американын блокадасын айланып өтүү үчүн адаттан тыш татаал маршрутту колдонушту.

«Bloomberg» жазгандай, алар адегенде Бириккен Араб Эмираттарындагы Фужейрага келишкен, андан кийин жээкти көздөй түндүк-чыгышка бет алышкан, андан кийин гана Ормузду карай түндүккө бурулушкан. Ал жерден алар Перс булуңуна чыгуу үчүн ирандык Ларак жана Кешм аралдарынын ортосунан өтүштү.

Газ ташыган «G Summer» кемеси менен «Hong Lu» деген мунай танкеринин экипаждары дал ушул жолду тандашкан. Вашингтон кемелерди Иран менен байланышы бар үчүн кара тизмеге киргизген. Бирок бир нече сааттан кийин тескери багытта, февраль айынын башында Перс булуңуна кирип, АКШ менен Израилдин Иранга каршы жети жумалык аскердик аракеттери учурунда ошол жерде турган «Nobler» кемеси өткөн. Аралдардын ортосунан өтүүнүн ордуна, ал Ларактын түштүгүнөн бир аз ылдый кеткен.

Ошондой эле «Fars» агенттигинин билдирүүсүнө ылайык, кечээ ирандык супертанкер да блокададан өтө алган. Анткен менен, АКШнын Борбордук командачылыгы 48 сааттык блокада учурунда Ормуз кысыгынан эч кандай кеме ирандык портторго кирбегендигин жана чыкпагандыгын билдирген.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»