АКИpress - Борбордук шайлоо комиссиясы 16-апрелде Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Чыңгыз Айдарбековдун каттоосун жокко чыгарды.
Буга чейин Айдарбеков БШКга тиешелүү арыз менен кайрылганы кабарланган.
Буга чейин ал Кубанычбек Конгантиев бошоткон мандатты берүүнү өтүнүп БШКга кайрылган болчу. Бирок БШК Ички иштер министрлигин күтүп жатканын билдирген.
Кечээ, 15-апрелде Айдарбековго кылмыш иши козголгону белгилүү болду.
Эми бош мандат Мирлан Жээнчороевге өтүшү керек.