04:12, 17-апрель, 2026
Учурда окулуп жатат
16:43, 16-апрель, 2026 (3 адам окуп жатат)
16-17-апрелде Кыргызстанда аба ырайы суук болот
09:45, 15-апрель, 2026 (2 адам окуп жатат)
Эдил Байсаловдун ордуна ким дайындалды?
14:55, 15-апрель, 2026 (2 адам окуп жатат)
Бишкекте таксист айымга тийишкен жүргүнчү кармалды
10:41, 16-апрель, 2026 (1 адам окуп жатат)
Айдарбеков депутаттык мандаттан баш тартты

Кытайдан алып келинген жүк ташуучу унааларда VIN-номурлары өзгөртүлгөнү аныкталды

На русском
13:36, 16-апрель, 2026 473

АКИpress - Мамлекеттик бажы кызматы идентификациялык маалыматтары бурмаланган техниканы ташып кирүү аракетин аныктады.

Бажы кызматы билдиргендей, «Торугарт» өткөрүү пункту аркылуу Кытайдан Кыргызстанга 2022-жылы чыгарылган деп көрсөтүлгөн 6 даана «Shachman» жүк ташуучу унаасы келген. Текшерүүнүн жүрүшүндө VIN-номурлар кол менен өзгөртүлгөнү аныкталып, унаалардын чыныгы чыгарылган жылы 2017–2018-жылдар экени белгилүү болду.

Ошондой эле «SHACMAN M3000» жана «IVECO» унааларынын номурлары өчүрүлүп, алардын ордуна жаңы VIN жазылган. Унаалар ар кандай жылдардагы тетиктерден куралган.

Бардык материалдар тергөө органдарына өткөрүлүп берилди. 

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»