АКИpress - Мамлекеттик бажы кызматы идентификациялык маалыматтары бурмаланган техниканы ташып кирүү аракетин аныктады.
Бажы кызматы билдиргендей, «Торугарт» өткөрүү пункту аркылуу Кытайдан Кыргызстанга 2022-жылы чыгарылган деп көрсөтүлгөн 6 даана «Shachman» жүк ташуучу унаасы келген. Текшерүүнүн жүрүшүндө VIN-номурлар кол менен өзгөртүлгөнү аныкталып, унаалардын чыныгы чыгарылган жылы 2017–2018-жылдар экени белгилүү болду.
Ошондой эле «SHACMAN M3000» жана «IVECO» унааларынын номурлары өчүрүлүп, алардын ордуна жаңы VIN жазылган. Унаалар ар кандай жылдардагы тетиктерден куралган.
Бардык материалдар тергөө органдарына өткөрүлүп берилди.