08:39, 17-апрель, 2026

Дарыгерлер тарабынан СПИД жуктурулган балдарга ипотекалык батир боюнча жеңилдик каралат

На русском
10:56, 16-апрель, 2026 272

АКИpress - 2006-2007-жылдары медицина кызматкерлери тарабынан СПИД жуктурулган 400 баланын 360ы калды. Бул тууралуу кечээ, 15-апрелде президент Садыр Жапаровдун Ош облусунун Ноокат районунун тургундары менен жолугушуусу учурунда маалымдалды.

Жергиликтүү тургундун айтымында, балдардын 119у Ноокат районунда.

«Эмне себептен биздин балдардын иши сотко келгендер иштер жабылып калып жатат? 3 жыл дегенде араң 700 миң сом кенемте алдык. Ага жеке жактоочу жалдадык. Бишкекке сотко каттап жүрүп короду. Ал акча жетпейт экен. Биздин балдар өмүр бою дары ичет. Мамлекет бир үйдөн 2 кишини жабыркатып койгон. Эмне себептен акыйкат жок, мамлекет карабайт? Балдарыбыз жем болуп калды, аларга деп мамлекетке миллиарддаган каражат келет, бирок анын тырмактай да бөлүгү балдарга келип жетпейт», - деди эне.

Президент бул боюнча көп талкуу болгонун айтты.

«Министрге тапшырма бердик. Дарылары, кызматтары бүт бекер. Анан ипотека боюнча жеңилдетилген жерин карайбыз деди», - ал.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»