АКИpress - Бишкектин Биринчи май райондук соту 15-апрелде «Red Petroleum» май куюучу жайлар тармагынын башкы директору Маматов Акылбек Абдимуктаровичти камакка алуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу «АКИpress» редакциясына 16-апрелде райондук соттун басма сөз кызматынан тастыкташты.
Ал КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 41-337-беренесинин 3-бөлүгү (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шериктештик) менен шектелүүдө.
Аны 13-июнга чейин №21 тергөө абагына (1-абак) киргизишти.