АКИpress - «Мурас Юнайтед» футбол боюнча Кыргызстандын чемпионатында бешинчи жеңишине жетти.
Ал 15-апрелде Жогорку лиганын 4-турунда жылдырылган оюнда «Дордойго» каршы ойноду. Беттеш Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтүп, «Мурас Юнайтеддин» 2:0 эсебиндеги жеңиши менен аяктады. Голдорду «Дордойдун» мурдагы оюнчусу Азим Азаров жана Юрий Лещинский киргизишти.
Бул жеңиштен кийин «Мурас Юнайтед» 16 упай топтоп, кайрадан 1-орунга көтөрүлдү. Ал эми «Дордой» ушул сезондогу алты оюндун ичинен төртүнчү жолу жеңилип, 14-орунда калды.
19-апрелде «Мурас Юнайтед» Бишкек шаарында Азия футбол конфедерациясынын Чакырык лигасынын чейрек финалында Ливандын чемпиону «Аль-Ансар» менен беттешет.