15:11, 18-апрель, 2026

Кыргыз мушкери Алтынбек Мамашов Орусиядагы турнирде жеңишти камсыздады. Сүрөт

На русском
09:34, 16-апрель, 2026 381

АКИpress - Кыргызстандык спортчу Алтынбек Мамашов «Absolute Championship Akhmat» (АСА) уюмунда алтынчы жеңишине жетти.

12-апрелде кыргызстандык мушкер Россиянын Санкт-Петербург шаарында өткөн «ACA 202» турниринде беттеш өткөрдү. Анын атаандашы россиялык Иван Богданов болду.

Мамашов биринчи раундда эле атаандашын нокаутка учуратып, жеңишти камсыздады. Турнирдин жыйынтыгы менен кыргызстандык спортчу 20 миң доллар өлчөмүндө бонус алды.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»