04:25, 17-апрель, 2026

Бүгүн кыргызстандык дзюдочулар Азия чемпионатында медаль үчүн ат салышат

На русском
09:15, 16-апрель, 2026 184

АКИpress - 16-апрелде Кытайдын Ордос шаарында дзюдо боюнча Азия чемпионаты башталат.

Турнирдин биринчи күнүндө эркектер жана кыз-келиндер арасында 4 алтын медаль ойнотулат. Бул күнү татамиге Кыргызстандан эки спортчу — Эрбол Абасбеков жана Адис Орозмаматов чыгат.

Беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 09:00дө, ал эми финалдык беттештер саат 14:00дө башталат.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»