06:12, 17-апрель, 2026

Кыргызстандын 20 медиги Россияда трансплантология боюнча стажировкадан өттү

На русском
08:44, 16-апрель, 2026 203

АКИpress - Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев менен Россия Федерациясынын башкы трансплантологу, Россия илимдер академиясынын академиги Сергей Готье менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушууда Садыр Жапаровдун демилгеси менен трансплантологияны өнүктүрүү мамлекеттик саламаттыкты сактоо саясатынын артыкчылыктуу багыты катары аныкталганы, акыркы жылдары зарыл ченемдик-укуктук база түзүлүп, заманбап медициналык технологияларды этап-этабы менен ишке киргизүү үчүн шарттар камсыз кылынганы айтылды. 

Жолугушууда трансплантология боюнча эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө көңүл бурулду. 2024-жылдын 24-июлундагы келишим менен бекитилген Кыргызстандын М.М.Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борбору менен Россиянын Саламаттык сактоо министрлигинин академик В.И.Шумаков атындагы Трансплантология жана жасалма органдар боюнча улуттук медициналык илимий борборунун ортосундагы өз ара кызматташуулар практикалык натыйжаларды көрсөтүүдө.

Бул кызматташтыктын алкагында Кыргызстандан 20 медицина тармагынын кызматкерлери трансплантология боюнча стажировкадан өтүштү. Учурда тараптар бул программа боюнча адистердин санын көбөйтүүнү талкуулашууда.

Кыргыз Республикасында 2023-жылдан бери органдарды трансплантациялоо программасы иштеп жатат, ал республикалык бюджеттен каржыланат.

Сапардын алкагында Сергей Готьенин жетекчилиги астында Улуттук хирургиялык борбордо боор фрагментин трансплантациялоо жасалган.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар трансплантология чөйрөсүндөгү кызматташууну мындан ары тереңдетүүнү, анын ичинде практикалык өз ара аракеттенүүнү жана адистерди даярдоону кеңейтүүнү макулдашты. Жетишилген макулдашуулар Кыргыз Республикасында жогорку технологиялык медициналык жардамды өнүктүрүүгө кошумча түрткү берип, эки тараптуу кесипкөй өнөктөштүктү бекемдей турганы белгиленди.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»