04:50, 17-апрель, 2026
Учурда окулуп жатат
15:03, 15-апрель, 2026 (2 адам окуп жатат)
ИИМ Чыңгыз Айдарбеков боюнча жаңы маалымат таратты
16:43, 16-апрель, 2026 (2 адам окуп жатат)
16-17-апрелде Кыргызстанда аба ырайы суук болот

Таласта «Йакын-Инкар» агымынын тарапкерлери радикалдуу идеологиядан баш тартышты

На русском
17:57, 15-апрель, 2026 672

АКИpress - Талас облусунун Айтматов районунун жана Талас шаарынын бир катар тургундары радикалдуу диний идеологиядан баш тартышты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Калкты диний-экстремисттик агымдардын ишмердүүлүгүнө тартууга жол бербөө максатында Талас облусунун казыятынын жана ИИБдин өкүлдөрүнүн катышуусунда түшүндүрүү иштери уюштурулду.

Жыйынтыгында Кыргызстанда тыюу салынган «Йакын-Инкар» диний-экстремисттик агымынын айрым тарапкерлери өз көз караштарынан кайтышты.

УКМК кошумчалагандай, аталган жарандар өздөрү тандаган диний багыттын туура эмесин моюнга алышып, жарандарды салттуу исламдын нормаларын жана Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын талаптарын сактоого, ошондой эле коомдо туура эмес диний ишенимдерден улам бөлүнүп-жарылууга жол бербөөгө чакырышты.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»