04:50, 17-апрель, 2026
Учурда окулуп жатат
15:03, 15-апрель, 2026 (2 адам окуп жатат)
ИИМ Чыңгыз Айдарбеков боюнча жаңы маалымат таратты
16:43, 16-апрель, 2026 (2 адам окуп жатат)
16-17-апрелде Кыргызстанда аба ырайы суук болот

Тышкы иштер министри менен ЖККУнун башкы катчысы жолугушту

На русском
17:07, 15-апрель, 2026 247

АКИpress - 15-апрелде Бишкекте тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Жамаатык коопсуздук келишим уюмунун башкы катчысы Таалатбек Масадыков жолугушту.

ТИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, тараптар учурдагы эл аралык кырдаал жана уюмдун жоопкерчилик аймагындагы абалдын өнүгүшү боюнча пикир алышты.

Башкы катчы учурдагы кырдаал жана келип чыккан чакырыктарга жооп кайтаруунун мүмкүн болгон ыкмалары тууралуу маалымат берди. Анын ичинде быйыл июнь айында Казан шаарында пландалган ЖККУнун Тышкы иштер министрлер кеңешинин кезектеги жыйынына даярдык көрүү маселелери, ошондой эле катчылыктын ишмердүүлүгү жана ушул жылга пландалган иш-чаралар тууралуу баяндалды.

Мындан тышкары тараптар заманбап чакырыктарга жана коркунучтарга каршы аракеттенүү жаатында ЖККУнун Шанхай кызматташтык уюму, Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги жана Бириккен улуттар уюму сыяктуу эл аралык жана регионалдык түзүмдөр менен өз ара аракеттенүүсүн мындан ары тереңдетүү маселелерин талкуулашты.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»