22:36, 15-апрель, 2026

ИИМ Чыңгыз Айдарбеков боюнча жаңы маалымат таратты

На русском
15:03, 15-апрель, 2026 1780

АКИpress - Мурдагы тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековго карата козголгон кылмыш ишинин алкагында мыйзамсыз аракеттердин кошумча эпизоддору аныкталды, деп билдирди Ички иштер министрлиги.

Буга чейин кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары, тактап айтканда бюджеттик каражаттарды пайдаланууда мыйзам бузуулар аныкталганы тууралуу маалымдалган.

«Чыңгыз Айдарбековдун жашаган жеринде тинтүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында мүлктү мыйзамсыз каттоого тиешеси бар экендигин тастыктаган документтер табылып, алынган. Атап айтканда көп кабаттуу турак жайдын курулушуна үлүштүк катышуу келишимдери боюнча 18 төлөм квитанциясы, эсептешүү актысы жана анын атына катталган үч үлүштүк келишим алынган.

Аныкталгандай, Чыңгыз Айдарбеков документтерди жасалмалоо жолу менен, иш жүзүндө кооперативге кийинчерээк мүчө болгонуна карабастан, өзүн мыйзамсыз түрдө коммерциялык эмес турак жай-курулуш кооперативинин негиздөөчүсү катары каттаткан.

Жогорудагы мыйзамсыз аракеттерди колдонуу менен ал кооперативге таандык батирди жана башка кыймылсыз мүлктү мыйзамсыз ээлеп алган. Натыйжада өзгөчө ири өлчөмдө материалдык зыян келтирилген.

Ошондой эле буга чейин Тышкы иштер министрлигине Түркмөнстандын Тышкы иштер министрлигинен Чыңгыз Эгембердиевдин дипломатиялык кызматта иштеген мезгилиндеги ишмердүүлүгүнө байланыштуу, анын ичинде контрабандалык иштерге (ичимдик, тамеки боюнча) жана визаларды мыйзамсыз тариздөөгө тиешеси бар экени тууралуу вербалдык нота келип түшкөнү аныкталган. 

Анда Эгембердиевдин бул иштери дипломатиялык кызматкердин макамына туура келбейт деп табылган. Ушуга байланыштуу президенттин жарлыгы менен ал терс негиздер боюнча дипломатиялык даражаларынан ажыратылган.

Мындан тышкары Чыңгыз Айдарбеков фамилиясын өзгөрткөн, буга чейин ал Чыңгыз Эгембердиев деген ат менен белгилүү болгон. 

Аталган өзгөртүүлөр вербалдык нота келип түшкөндөн кийин жасалган, мында жаңы фамилиясы анын апасы тарабынан чоң таятасынын атасынын фамилиясына өзгөртүлгөн», - дейт ИИМ.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»