18:41, 15-апрель, 2026

Эгер Айдарбековго мандат берилбесе ким депутат болушу мүмкүн?

На русском
10:42, 15-апрель, 2026 710

АКИpress - Чыңгыз Айдарбековдун талапкерлиги жокко чыгарылган учурда Мирлан Жээнчороев Жогорку Кеңештин депутаты боло алат.

Бишкектеги №21 округда Жогорку Кеңештин депутаттык мандаты бош турат. Буга Кубанычбек Конгантиевдин 10-мартта ыйгарым укуктарынан баш тартканы себеп болгон.

Анын ордун тизме боюнча кийинки орунда турган Чыңгыз Айдарбеков ээлеши керек болчу. Ал 2025-жылдын ноябрь айында өткөн парламенттик шайлоодо 6259 добуш алган.

13-апрелде Чыңгыз Айдарбеков Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) мандат берүүнү талап кылган. Анын айтымында, бир айдан ашык убакыт өтсө да, БШК мандат бербей жатканы тууралуу жооп берген эмес.

14-апрелде Айдарбековдун үйүндө тинтүү жүргүзүлгөн. Ага Тышкы иштер министрлигин жетектеп турган мезгилде кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланган деген айып тагылды. Ал министр кызматын 2018-жылдын октябрынан 2020-жылдын октябрына чейин президент Сооронбай Жээнбековдун тушунда аркалаган.

БШК Чыңгыз Айдарбеков боюнча чечим кабыл ала элек.

Эгерде Айдарбековдун каттоосу жокко чыгарылса, андан кийинки орунда Мирлан Жээнчороев турат, ал шайлоодо 3324 добуш алган. Жээнчороев буга чейин «Республика-Ата-Журт» партиясынан VI чакырылыштын депутаты болгон. 2021-жылы парламенттик шайлоодо «Альянс» партиясынан талапкерлигин койгон.

№21 (Бишкек шаарынын Ленин району) округ боюнча маалымат:

 

 

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»