АКИpress - Улан Маматканов Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу Президенттин админстрациясынын басма сөз кызматы билдирди.
Жаңы орун басар Эдил Байсаловдун ордуна келди.
Маматканов 1982-жылы Кара-Суу районунда туулган. Буга чейин Эмгек, социалдык камсыздоо жана министрлигинде, өкмөттүн жана президенттин аппараттарында ар кандай кызматтарды аркалаган. Социалдык фонддун башчысынын орун басары болгон.