14:08, 15-апрель, 2026

Депутат Бишкек—Ош багыты боюнча авиабилеттердин кымбаттыгын билдирди

На русском
11:55, 15-апрель, 2026 231

АКИpress - 15-апрелдеги жыйында Жогорку Кеңештин депутаты Уланбек Жаанбаев Бишкек—Ош багыты боюнча авиабилеттердин баасынын кымбаттыгы тууралуу маселе көтөрдү.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө бул багыт боюнча авиакаттамдын баасы болжол менен 8,5 миң сомду түзөт. Мындан тышкары, депутат аталган багыт боюнча каттамдардын санын көбөйтүүнү суранды.

«Билеттер жетишсиз, каттамдардын санын көбөйтүү керек», - деди депутат.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»