13:32, 15-апрель, 2026

Президент Өзгөн районунда курулуп жаткан социалдык объекттердин абалы менен таанышты

На русском
09:34, 15-апрель, 2026 232

АКИpress - 14-апрелде президент Садыр Жапаров Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Өзгөн районундагы социалдык объектилердин курулушунун жүрүшү менен таанышып чыкты.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, ал 350 орунга ылайыкташкан Жалпы дарыгерлик практика борборуна барды. Анын курулушу өткөн жылдын октябрь айында башталган.

Саламаттык сактоо министри Дамирбек Осмонов борбор быйылкы жылдын аягына чейин курулуп бүтөрүн айтты. Ал Өзгөн районунда калктын санынын өсүшүнө байланыштуу учурдагы инфраструктура жүктү көтөрө албай калганын жана жаңы медициналык объектилерге муктаждык жаралганын белгиледи.

Садыр Жапаров тиешелүү министрликке жана подряддык уюмдарга бир катар тапшырмаларды берип, курулуш иштеринин сапатына жана белгиленген мөөнөттөрдүн так сакталышына өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.

Андан соң президент Баш-Дөбө айыл аймагында Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулуп жаткан турак жай комплекстерин көрүп чыкты.

Жалпы аянты 7 гектардан ашуун аймакта 5 кабаттуу 16 блок жайгашат. Жалпы 970 батир курулмакчы. Учурда темир-бетон каркасын тургузуу жана чатыр жабуу иштери жүрүүдө.

Мамлекет башчысына курулуш иштерин келерки жылдын күз айларында аяктоо пландалып жатканы маалымдалды. Турак жай комплексин көрүп чыккан соң Садыр Жапаров жарандарды турак жай менен камсыз кылуу үчүн курулуш иштеринин жогорку сапатын камсыздоо жана объектилерди өз убагында пайдаланууга берүү зарылдыгын белгиледи.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»