17:06, 14-апрель, 2026

Иран беш араб өлкөсүнөн компенсация талап кылды

На русском
12:15, 14-апрель, 2026 416

АКИpress - Иран АКШ жана Израилдин согушуна катышкандыгы үчүн Бахрейн, Иордания, Катар, БАЭ жана Сауд Арабиядан компенсация төлөп берүүнү талап кылууда. Бул тууралуу Ирандын БУУдагы өкүлү Амир Саид Иравани билдиргенин «Tasnim» жазды.

«Бахрейн, Иордания, Катар, Бириккен Араб Эмираттары жана Сауд Арабия мыйзамсыз аракеттеринен улам Иранга келтирилген физикалык жана моралдык зыянды толугу менен толтурушу керек», - деди дипломат.

Ираванинин айтымында, аталган өлкөлөр Вашингтон жана Тель-Авив тарапта чыр-чатакка аралашып, Ирандын алдындагы милдеттенмелерин бузушкан.

Март айында Ирандын өкүлү БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерришге кат жөнөтүп, Жакынкы Чыгыштагы бир нече өлкөнү АКШнын Иранга каршы чабуулдары үчүн аймактарын пайдаланууга жол бергендиги үчүн айыптаган. Иравани Тегеран Украинаны Жакынкы Чыгышка учкучсуз аппараттар боюнча адистерин жөнөткөндүгүнө байланыштуу согуштук аракеттерге шериктеш деп эсептей турганын билдирген.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»