20:39, 14-апрель, 2026

Бишкектин тургуну АКШдан «BMW» алдырам деп алданып калган

На русском
15:49, 14-апрель, 2026 271

АКИpress - Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалганын Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Милициянын маалыматы боюнча, Свердлов РИИБине З.А. аттуу жаран жазуу түрүндө арыз менен кайрылган. 2025-жылдын 26-сентябрында шектүү борбордогу соода борборлорунун биринде жабырлануучунун ишенимине кирип, АКШдан «BMW X7» үлгүсүндөгү унааны Грузия аркылуу Кыргызстанга жеткирип берүүнү убадалаган. Ал өзүн ЖЧКлардын биринин башкы директору катары тааныштырып, эки тараптуу келишим түзүп, 33 миң доллар алган.

2026-жылдын 6-январында унаа Грузиянын Поти шаарындагы деңиз портуна келген. Бирок белгиленген мөөнөттө ээсине өткөрүлүп берилген эмес. Тергөөдө келишим тиешелүү тартипте катталбаганы, ал эми алынган акчанын 8 миң 600 доллары келишимде көрсөтүлбөгөн башка максаттарга жумшалганы аныкталган.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголду. 1999-жылы туулган шектүү кармалып, Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда анын ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешеси бар-жогу да текшерилип жатат. Бул адамдын аракетинен жабыркагандар же кандайдыр бир маалыматы бар жарандар 0 (773) 097 185 жана 102 телефон номурлары аркылуу билдирсе болот.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»