АКИpress - Кыргызстандык спортчу Нурзат Нуртаева Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) рейтингинде 2-орунда турат.
Жаңы рейтинг 6-12-апрель аралыгында Бишкекте өткөн Азия чемпионатынын жыйынтыгы боюнча түзүлгөн.
Кыргызстандык балбан 76 кг салмак категориясында күч сынашып, 3-орунду ээлеген. Бул жыйынтык Нуртаевага дүйнөлүк рейтингде 2-орунда болууга өбөлгө түздү.