АКИpress - Бишкектин Биринчи май райондук соту 13-апрелде УКМКнын Ысык-Көл облусундагы башкармалыгынын 6-бөлүмүнүн мурдагы башчысына карата бөгөт коюу чарасын карады.
«АКИpress» редакциясына райондук соттун басма сөз кызматынан билдиришкендей, Н.У.М. 11-июнга чейин үй камагына бошотулду.
Ал коррупцияга шектелүүдө. Ишти ИИМдин Тергөө кызматы иликтеп жатат.