01:47, 14-апрель, 2026
Учурда окулуп жатат
13:11, 13-апрель, 2026 (7 адам окуп жатат)
Мурдагы депутат кызматка дайындалды
21:49, 13-апрель, 2026 (4 адам окуп жатат)
УКМКдагы мурдагы жетекчи коррупцияга айыпталууда
13:39, 13-апрель, 2026 (2 адам окуп жатат)
Бишкекте +25 градус — 14-апрелге карата аба ырайы
16:52, 13-апрель, 2026 (1 адам окуп жатат)
Түнкү жолугушуу ок атуу менен аяктады

ИИМ кур тагынбаган айдоочуларды да аныктаган камералар иштеп жатканын эскертет

На русском
17:19, 13-апрель, 2026 2859

АКИpress - Ички иштер министрлиги «Коопсуз өлкө» долбоорунун алкагында аппараттык-программалык комплекстерди ишке киргизүүнү улантып жатат.

ИИМ билдиргендей, 2026-жылдын башынан бери Бишкек шаарынын, Бишкек–Кордай, Бишкек–Нарын–Торугарт, Балыкчы–Чолпон–Ата–Каракол, Бишкек–Ош автоунаа жолунун Чүй облусунун аймагында аппараттык-программалык комплекстер орнотулуп, ишке берилди.

Бул комплекстер коопсуздук курун тагынбоону, карама-каршы тилкеге чыгууну, ылдамдыкты ашырууну, жол белгилеринин талаптарын аткарбоону жана төлөнбөгөн айып пулдарды аныктайт.

Комплекстер көп функционалдуу болуп саналат. Тактап айтканда автоунаа жогорку ылдамдык менен өтсө дагы, мамлекеттик номурун, кур тагынбаган айдоочуну сапаттуу кылып тартып калат», - дейт ИИМ.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»