18:43, 13-апрель, 2026
Учурда окулуп жатат
13:11, 13-апрель, 2026 (82 адам окуп жатат)
Мурдагы депутат кызматка дайындалды
12:16, 13-апрель, 2026 (52 адам окуп жатат)
Кубанычбек Атажанов кызматтан бошотулду
11:06, 13-апрель, 2026 (10 адам окуп жатат)
Бишкекте сирень үзгөн адам 5500 сом айыпка жыгылды

Акыйкатчы Бишкек ШИИБдин атайын кабыл алуу жайынын абалы менен таанышты

На русском
15:56, 13-апрель, 2026 263

АКИpress - 10-апрелде акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Бишкек ШИИБдин атайын кабыл алуу жайына барды.

Акыйкатчы барган учурда андагы 24 камерада 56 адам (53 эркек, 3 аял) кармалып турган. Жаманбаева бир катар камераларга кирип, кармалган жарандар менен баарлашты. Жарандар санитардык-гигиеналык шарттарга даттанышып, санитардык түйүндөр тазаланбагандыктан, камераларга жагымсыз жыт келерин билдиришкен. Ошону менен катары эле аларга самын, даарат кагазы берилбей турганы белгилүү болгон.

2026-жылдын 1-январынан тартып атайын кабыл алуу жайы аркылуу жалпысынан 2064 адам өткөрүлгөн. Алардын басымдуу бөлүгү үй-бүлөлүк зомбулукка, бейбаштык жана мас абалында тиешелүү документтери жок унаа башкаргандар.

Акыйкатчы атайын кабыл алуу жайынын жетекчисине камераларада санитардык тазалоону өз убагында жүргүзүүнү жана зарыл гигиеналык каражаттар менен камсыз кылууну сунуштады.

Акыйкатчы аныкталган мыйзам бузуулар жоюлбаган учурда мыйзамда каралган чаралар, тиешелүү көңүл буруу актылары жөнөтүлөрүн эскертти.

 

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»