18:27, 13-апрель, 2026
Учурда окулуп жатат
13:11, 13-апрель, 2026 (67 адам окуп жатат)
Мурдагы депутат кызматка дайындалды
12:16, 13-апрель, 2026 (58 адам окуп жатат)
Кубанычбек Атажанов кызматтан бошотулду
11:06, 13-апрель, 2026 (12 адам окуп жатат)
Бишкекте сирень үзгөн адам 5500 сом айыпка жыгылды
16:52, 13-апрель, 2026 (8 адам окуп жатат)
Түнкү жолугушуу ок атуу менен аяктады

АКШ Ормуз кысыгын блокадалап алуу менен бирге Иранга кайра кол салышы мүмкүн

14:58, 13-апрель, 2026 404

АКИpress - АКШ Ормуз кысыгына блокада уюштуруу менен Иранга чектелген соккуларды кайра урушу мүмкүн. Бул тууралуу «The Wall Street Journal» басылмасы булактарга таянып жазды.

Басылманын маалыматына караганда, мындай вариант 11-апрелде Исламабадда майнапсыз аяктаган АКШ менен Ирандын сүйлөшүүлөрүнөн кийин Ак үйдө талкууланууда. Дагы бир мүмкүн болгон сценарий — Иранга каршы кеңири масштабдагы соккуларды кайра баштоо.

Бирок булактардын айтымында, мындай варианттын ишке ашуу ыктымалдыгы төмөн. Анткени бул Жакынкы Чыгыштагы абалды дагы да курчутушу мүмкүн, ал эми Трамп согушту узартууну каалабайт. Басылманын маалыматына ылайык, Ормуз кысыгындагы блокадада АКШ союздаштарына басым жасап, кемелердин коопсуз өтүшүн камсыздоого жардам берүүсүн каалайт. Булактар Трамп жаңжалды дипломатиялык жол менен чечүүгө дагы эле кызыкдар экенин, ошол эле учурда Иранга басым жасоонун бардык кошумча жолдорун карап жатканын билдиришти.

11-апрелде АКШ менен Ирандын делегациялары Исламабадда сүйлөшүү өткөрүшкөн. Бирок алар тынчтык келишими боюнча макулдашууга жетише алышкан эмес. Сүйлөшүү үзгүлтүккө учурагандан көп өтпөй Трамп АКШнын Аскер-деңиз күчтөрү Ормуз кысыгына кирүүгө же андан чыгууга аракет кылган бардык кемелерди тосо баштарын жарыялаган.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»