15:29, 13-апрель, 2026
Учурда окулуп жатат
13:11, 13-апрель, 2026 (225 адам окуп жатат)
Мурдагы депутат кызматка дайындалды
12:16, 13-апрель, 2026 (192 адам окуп жатат)
Кубанычбек Атажанов кызматтан бошотулду
11:06, 13-апрель, 2026 (104 адам окуп жатат)
Бишкекте сирень үзгөн адам 5500 сом айыпка жыгылды
10:31, 13-апрель, 2026 (28 адам окуп жатат)
Президент кимдерге жер бекер бериле турганын айтты

Кыргызстандын хоккейчилери экинчи дивизиондогу ордун сактап калышты

На русском
13:06, 13-апрель, 2026 225

АКИpress - Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасы дүйнө чемпионатынын экинчи дивизионундагы ордун сактап калды.

Кыргызстандыктар экинчи дивизиондун В тайпасынын турниринде ойноду, мелдеш 6-12-апрелде Софияда (Болгария) алты команданын катышуусунда өттү.

Кыргызстан курама командасы Болгарияны 5:3 эсебинде жеңип, андан кийин Кытай Тайбэйине (1:5) жана Исландияга (3:6) утулуп калды. Ошондой эле төртүнчү турда Израил курама командасына жеңилип, акыркы беттеште Жаңы Зеландияга утулушту.

Эгерде жаңы зеландиялыктарды утушса, 3-орунга ээ болушмак.

Кыргызстан курама командасы төрт упай менен турнирдик таблицада 5-орунду ээледи, ушуну менен бул дивизиондогу ордун сактап калды.

Дивизиондун чемпиону Израил курама командасы болду.  Акыркы 6-орунду Кытай Тайбэйинин курама командасы ээледи, алар үчүнчү дивизионго түшөт.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»