АКИpress - 13-14-апрель күндөрү Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүшү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы маалымдады.
Кооптуу тилкелер:
- Бишкек—Ош (Төө-Ашуу, Ала-Бел, Чычкан капчыгайы);
- Балыкчы—Казарман-Жалал-Абад (Көк-Арт) унаа жолдору.
Унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.