АКИpress - Кыргызгидрометтин билдиргендей, 14-апрелге караган түнү Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондорго кар жаайт.
Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнү
түнкүсүн 5...10
күндүз 21...26
Талас өрөөнү
түнкүсүн 4...9
күндүз 20...25
Баткен облусунун дыйканчылык аймактары
түнкүсүн 6...11
күндүз 21...26
Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрү
түнкүсүн 6...11
күндүз 22...27
Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактары
түнкүсүн 1...6
күндүз 13...18
Нарын облусунун дыйканчылык аймактары
түнкүсүн -1...+4
күндүз 14...19
Бийик тоолуу райондор
түнкүсүн -7...-12
күндүз 0...5
Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 7...9°, күндүз 23...25° болот.