АКИpress - Кыргызстандык спортчу Айпери Медет кызы Бириккен күрөш дүйнөсү уюмунун рейтингинде биринчи сапка көтөрүлдү.
Жаңыртылган рейтинг 6-12-апрель күндөрү Бишкекте өткөн Азия чемпионатынын жыйынтыгы менен түзүлдү.
Медет кызы 76 кг чейинки салмак категориясында күмүш байгеге ээ болгон. Бул жыйынтык кыргызстандык спортчуга 53 000 упай топтоого жана рейтингде учурдагы чемпион, эквадордук Генесис Валдестен озуп өтүүгө мүмкүндүк берди.