23:21, 13-апрель, 2026

Филармония менен Жаштар аллеясынын оргумаларын оңдоого 181 млн сом жумшалат

На русском
11:34, 13-апрель, 2026 252

АКИpress - Бишкек шаарынын мэриясынын алдындагы капиталдык курулуш башкармалыгы Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын жана Жаштар аллеясындагы оргумаларды оңдоого кайрадан тендер жарыялады.

Пландалган сумма 181 млн 58 миң 959 сомду түзөт.

Өтүнмөлөр 2026-жылдын 15-апрели саат 17:00гө чейин кабыл алынат.

Бөлүнгөн каражат:

Филармониянын түндүк тарабындагы оргумага: 76 млн 324 миң 993 сом.

Филармониянын түштүк тарабындагы оргумага: 56 млн 287 миң 603 сом.

Жаштар аллеясындагы оргумага: 48 млн 446 миң 363 сом.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»