АКИpress - Ден соолукка зыян келтирүүгө шектелген жаран каармалды, деп маалымдады Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы.
5-мартта Токмок шаардык ички иштер бөлүмүнө жергиликтүү тургун кайрылган. Анын айтымында, 3-мартта болжол менен кечки саат сегиздер чамасында таанышы үйүнө келип, аны айланма жолго, дачага алып барып, сабаган.
Бул факт КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 131-беренеси (ден соолукка анча оор эмес залал келтирүү) боюнча катталып, шектүү катары 1986-жылы туулган Н.Ж. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Тергөө уланууда.