АКИpress - Бишкекте даракка чыгып, сирень үзгөн адам жазаланды.
Муниципалдык инспекция билдиргендей, жаранга административдик протокол түзүлүп, 5500 сом айып салынды.
Айып салынган адам сирень үзүү мыйзам бузуу экенин билбегенин айткан.
Инспекциядан сирень, жоогазын жана башка гүл үзүү мыйзам бузуу болуп саналарын эскертишти.