12:36, 13-апрель, 2026

Венгрияда оппозиция парламенттик шайлоону жеңди

На русском
10:37, 13-апрель, 2026 318

АКИpress - Венгриянын оппозициялык «Тиса» партиясынын лидери Петер Мадьяр парламенттик шайлоодо жеңишке жеткенин билдирди. Ал 12-апрелде кечинде Будапешттеги митингде сүйлөдү.

97,74% добуш саналып бүткөндөн кийин «Тиса» партиясы 138 мандат, Виктор Орбандын партиясы 55, «Биздин өлкө» партиясы 6 мандат алды. Петер Мадьярдын оппозициялык партиясы конституциялык көпчүлүккө ээ болду.

Конституциялык көпчүлүк болуу үчүн 133 мандат жетиштүү болчу.

Орбан партиясы жеңилгенин мойнуна алды.

Петер Мадьяр президентке кайрылып, өкмөт түзүлгөндөн кийин аны кызматтан кетүүсүн суранды. Ал өлкөнүн жогорку сотторун, башкы прокурорду жана башка чиновниктерди кызматтан кетүүгө чакырды.

«Биз Венгрияны бошоттук жана аны кайтарып алдык», - деди Мадьяр.

Ал өлкөнүн Евробиримдикке жана НАТОго катышуусун калыбына келтирерин, Венгрияда демократияны бекемдөө боюнча кадамдарды жасай турганын билдирди.

«Биз демократияны жана анын көз карандысыздыгын камсыз кылган институттарды калыбына келтиребиз. Венгрия кайрадан Европа биримдигинде жана НАТОдо күчтүү өнөктөш болот», - деди саясатчы.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»