13:39, 13-апрель, 2026
Учурда окулуп жатат
12:16, 13-апрель, 2026 (333 адам окуп жатат)
Кубанычбек Атажанов кызматтан бошотулду
13:11, 13-апрель, 2026 (309 адам окуп жатат)
Мурдагы депутат кызматка дайындалды
11:06, 13-апрель, 2026 (147 адам окуп жатат)
Бишкекте сирень үзгөн адам 5500 сом айыпка жыгылды

Токмокто эркек киши үйүнөн уурдалып, токмоктолгон

На русском
11:20, 13-апрель, 2026 304

АКИpress - Ден соолукка зыян келтирүүгө шектелген жаран каармалды, деп маалымдады Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы.

5-мартта Токмок шаардык ички иштер бөлүмүнө жергиликтүү тургун кайрылган. Анын айтымында, 3-мартта болжол менен кечки саат сегиздер чамасында таанышы үйүнө келип, аны айланма жолго, дачага алып барып, сабаган.

Бул факт КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 131-беренеси (ден соолукка анча оор эмес залал келтирүү) боюнча катталып, шектүү катары 1986-жылы туулган Н.Ж. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Тергөө уланууда.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»