АКИpress - Кыргызстандык мушкер Ражабали Шайдуллаев Япониянын «RIZIN» лигасында үчүнчү ирет катары менен чемпиондук наамын коргоду.
Ал 12-апрелде Фукуока шаарында өткөн RIZIN FF — LANDMARK VOL. 13 турниринде күч сынашты. Анын атаандашы япониялык Юта Кубо (5-2-1) болду.
Мелдеш 66 кг салмак категориясында чемпиондук наам үчүн өттү.
Шайдуллаев биринчи раундда нокаут менен жеңишке жетти. Калыс биринчи раунддун аякташына 45 секунд калганда беттешти токтотту.
Шайдуллаев 2025-жылы 4-майда япониялык Клебер Коикени 62 секунда жеңип, титулун алган.
Ошол эле жылдын 8-сентябрында Шайдуллаев россиялык Виктор Колесникти 33 секунда нокаутка учуратса, 31-декабрда кыргызстандык 2 мүнөт 54 секундда япониялык Микуру Асакураны нокаут кылган.
Бул Шайдуллаевдин чемпиондук наамын ийгиликтүү коргогон үчүнчү беттеши болду.