18:34, 13-апрель, 2026
Учурда окулуп жатат
13:11, 13-апрель, 2026 (68 адам окуп жатат)
Мурдагы депутат кызматка дайындалды
12:16, 13-апрель, 2026 (57 адам окуп жатат)
Кубанычбек Атажанов кызматтан бошотулду
11:06, 13-апрель, 2026 (9 адам окуп жатат)
Бишкекте сирень үзгөн адам 5500 сом айыпка жыгылды

Кыргызстандын хоккейчилери дүйнө чемпионатында 5-орунду ээледи

На русском
09:41, 13-апрель, 2026 384

АКИpress - Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасы Болгарияда өткөн дүйнө чемпионатында 5-орунду ээледи.

Экинчи дивизиондун В тайпасындагы командалар арасындагы турнир 6-12-апрель аралыгында София шаарында алты команданын катышуусунда өттү. Алар бири-бири менен бир жолудан беттешти.

Кыргызстандын курама командасы беш оюн өткөрүп, 4 упай топтоп, 5-орунду алды.

Жаңы Зеландияга каршы акыркы беттешке чейин кыргызстандыктар коло байге алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болчу, бирок бул беттеште жеңилип калышты.

Бул дивизиондо Израилдин курама командасыдүйнө чемпиону болду, экинчи орунду Жаңы Зеландия, үчүнчү орунду Исландия ээледи.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»