13:15, 13-апрель, 2026
Учурда окулуп жатат
10:31, 13-апрель, 2026 (38 адам окуп жатат)
Президент кимдерге жер бекер бериле турганын айтты
11:06, 13-апрель, 2026 (15 адам окуп жатат)
Бишкекте сирень үзгөн адам 5500 сом айыпка жыгылды
12:16, 13-апрель, 2026 (11 адам окуп жатат)
Кубанычбек Атажанов кызматтан бошотулду
12:02, 13-апрель, 2026 (7 адам окуп жатат)
Пентагон Иран портторун тосо баштаганын жарыялады

Лейлекте 14 баш мал жүктөлгөн «Mercedes-Benz» кармалды

На русском
11:49, 13-апрель, 2026 219

АКИpress - Баткен облусунда ири мүйүздүү малды чек арадан мыйзамсыз өткөрүү аракетине бөгөт коюлду.

Чек ара кызматы билдиргендей, 12-апрелде Лейлек чек ара отрядынын аскер кызматкерлери Баткен районунун Курук-Сай жергесинде 1995-жылы туулган Кыргызстандын Б.М.С. аттуу жаранын кармашкан.

Тактап айтканда, «Mercedes-Benz Gigant» үлгүсүндөгү унааны текшерүү учурунда 14 баш ири мүйүздүү мал — 8 уй, 3 бука жана 3 музоо табылган. Ал киши малды өткөрмө пункттарынан тышкары, чектеш аймакка мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылганы аныкталган.

«Кармалган жаран, унаа жана мал тиешелүү документтери менен бирге мындан аркы териштирүү иштери үчүн компетенттүү органдарга өткөрүлүп берилди», - деп жазылган маалыматта.

 

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»