15:09, 13-апрель, 2026
Учурда окулуп жатат
13:11, 13-апрель, 2026 (256 адам окуп жатат)
Мурдагы депутат кызматка дайындалды
12:16, 13-апрель, 2026 (217 адам окуп жатат)
Кубанычбек Атажанов кызматтан бошотулду
11:06, 13-апрель, 2026 (148 адам окуп жатат)
Бишкекте сирень үзгөн адам 5500 сом айыпка жыгылды
10:31, 13-апрель, 2026 (20 адам окуп жатат)
Президент кимдерге жер бекер бериле турганын айтты

Адылбек Касымалиев Вашингтонго барды

На русском
09:16, 13-апрель, 2026 291

АКИpress - Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев иш сапары менен АКШнын Вашингтон шаарына барды. Ал Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) жана Дүйнөлүк банктын жылдык жазгы жолугушууларына катышат. 

Касымалиев Дүйнөлүк банктын башкаруучу директор Анна Бьерде жана банктын Европа жана Борбор Азия боюнча вице-президенти Антонелла Бассани менен сүйлөшөт. Тараптар Камбар-Ата-1 ГЭСи долбоорун алдыга жылдырууга басым жасашат.

Ошондой эле АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясын менен  консультациялар пландалууда. Жолугушууда мамлекеттер аралык диалогду жана экономикалык өнөктөштүктү бекемдөөнү талкуулоо пландалууда.

Андан тышкары Meta, Oracle, NVIDIA жана SpaceX сыяктуу алдыңкы дүйнөлүк корпорациялардын топ-менеджменти менен жолугушуу пландалууда. Талкуунун негизги темалары төмөнкүлөр болот:

• мамлекеттик башкарууну санариптик трансформациялоо;

• жасалма интеллект инфраструктурасын өнүктүрүү.

Иш сапар бир катар документтерге кол коюу менен аяктайт.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»