12:01, 13-апрель, 2026

Адылбек Касымалиев Вашингтонго барды

На русском
09:16, 13-апрель, 2026 253

АКИpress - Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев иш сапары менен АКШнын Вашингтон шаарына барды. Ал Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) жана Дүйнөлүк банктын жылдык жазгы жолугушууларына катышат. 

Касымалиев Дүйнөлүк банктын башкаруучу директор Анна Бьерде жана банктын Европа жана Борбор Азия боюнча вице-президенти Антонелла Бассани менен сүйлөшөт. Тараптар Камбар-Ата-1 ГЭСи долбоорун алдыга жылдырууга басым жасашат.

Ошондой эле АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясын менен  консультациялар пландалууда. Жолугушууда мамлекеттер аралык диалогду жана экономикалык өнөктөштүктү бекемдөөнү талкуулоо пландалууда.

Андан тышкары Meta, Oracle, NVIDIA жана SpaceX сыяктуу алдыңкы дүйнөлүк корпорациялардын топ-менеджменти менен жолугушуу пландалууда. Талкуунун негизги темалары төмөнкүлөр болот:

• мамлекеттик башкарууну санариптик трансформациялоо;

• жасалма интеллект инфраструктурасын өнүктүрүү.

Иш сапар бир катар документтерге кол коюу менен аяктайт.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»