АКИpress - Болгарияда өткөн жаткан хоккей боюнча дүйнө чемпионатында Кыргызстан курама командасы Жаңы Зеландияга утулду.
Экинчи дивизиондун В тайпасындагы алты команданын катышуусунда өтүп жаткан турнир София шаарында уюштурулган.
12-апрелде акыркы турдун оюндары өтүп, Кыргызстан курама командасы Жаңы Зеландия менен беттешти. Кыргызстандыктар жеңишке жетсе, 3-орунду ээлеп, коло медалга ээ болмок.
Кыргызстан курамасы алгач 3 шайба киргизишти. Андан кийин Жаңы Зеландия бир шайба жаратты.
Экинчи бөлүктө атаандаш төрт гол киргизип, алдыда чыкты.
Жыйынтыктыгында оюн 5:4 эсебинде Жаңы Зеландия курамасынын пайдасына чечилди. Алар 10 упай топтоп, Исландияны артка калтырып, 2-орунга көтөрүлдү.
Бул турнирде Израил курама командасы дүйнө чемпиону болду.