18:32, 13-апрель, 2026
Учурда окулуп жатат
13:11, 13-апрель, 2026 (64 адам окуп жатат)
Мурдагы депутат кызматка дайындалды
12:16, 13-апрель, 2026 (50 адам окуп жатат)
Кубанычбек Атажанов кызматтан бошотулду
16:52, 13-апрель, 2026 (6 адам окуп жатат)
Түнкү жолугушуу ок атуу менен аяктады

Кыргызстандын хоккейчилери Жаңы Зеландияга утулду

На русском
09:09, 13-апрель, 2026 325

АКИpress - Болгарияда өткөн жаткан хоккей боюнча дүйнө чемпионатында Кыргызстан курама командасы Жаңы Зеландияга утулду.

Экинчи дивизиондун В тайпасындагы алты команданын катышуусунда өтүп жаткан турнир София шаарында уюштурулган.

12-апрелде акыркы турдун оюндары өтүп, Кыргызстан курама командасы Жаңы Зеландия менен беттешти. Кыргызстандыктар жеңишке жетсе, 3-орунду ээлеп, коло медалга ээ болмок.

Кыргызстан курамасы алгач 3 шайба киргизишти. Андан кийин Жаңы Зеландия бир шайба жаратты.

Экинчи бөлүктө атаандаш төрт гол киргизип, алдыда чыкты.

Жыйынтыктыгында оюн 5:4 эсебинде Жаңы Зеландия курамасынын пайдасына чечилди. Алар 10 упай топтоп, Исландияны артка калтырып, 2-орунга көтөрүлдү.

Бул турнирде Израил курама командасы дүйнө чемпиону болду.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»