22:21, 12-апрель, 2026

Садыр Жапаров Кара-Суу районунун тургундарынын суроолоруна жооп берди

На русском
19:40, 12-апрель, 2026 408

АКИpress - Бүгүн, 12-апрелде президент Садыр Жапаров Ош облусунун Кара-Суу районунун активи жана жергиликтүү тургундар менен жолугушууда алардын суроолоруна жооп берди.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, диалогдун жүрүшүндө тургундар бир катар актуалдуу социалдык-экономикалык жана инфраструктуралык маселелерди көтөрүштү. Анын ичинде жер тилкелерин берүү, сугат суу менен камсыздоо, мектептерди, бала бакчаларды жана спорттук объекттерди куруу, жол инфратүзүмүн өнүктүрүү, ошондой эле айрым укуктук талаш-тартыштарды кароо жана укук коргоо органдарына кайрылууларга байланыштуу маселелер козголду.

Жашоочулардын суроолорун уккан мамлекет башчысы тиешелүү мамлекеттик органдардын жана укук коргоо түзүмдөрүнүн жетекчилерине бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди. Ар бир кайрылууну мыйзам чегинде ар тараптуу жана калыс кароо, жарандардын укуктарын коргоо боюнча толук чараларды көрүү зарылдыгына көңүл бурулду.

Саламаттык сактоо маселелери да өзүнчө каралды. Тез жардам унааларынын жетишсиздиги тууралуу кайрылууга жооп берип, президент жакынкы убакта районго кошумча унаа берилерин билдирди.

Жолугушуунун негизги темаларынын бири Кара-Суу базарынын иштеши жана аны мындан ары өнүктүрүү маселеси болду. Бул базарда жергиликтүү калктын басымдуу бөлүгү эмгектенет. Садыр Жапаров буга чейин өлкөдөгү ири базарларда заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча тапшырмалар берилгенин эске салды.

Президент жаңы соода комплекстеринде ишкерлер үчүн санитардык жана техникалык талаптарга жооп берген заманбап, ыңгайлуу шарттар түзүлүшү керектигин белгиледи. Ал Кара-Суу аймагында бул долбоор жакынкы бир жарым жылдын ичинде толугу менен ишке ашырылат деп ишендирди.

Ошол эле учурда мамлекет башчысы азыркы базардагы соода жайларынын бардык ээлеринин укуктары жана мыйзамдуу кызыкчылыктары сакталууга тийиш экенин айтып, өзгөртүүлөрдү адилеттүү жана ачык-айкын жүргүзүүнү тапшырды.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»