23:53, 12-апрель, 2026

Чет өлкөлүк номурлуу унааларды 1-майга чейин өлкөдөн чыгарып кетүү же утилизациялоо сунушталууда

На русском
14:10, 12-апрель, 2026 893

АКИpress - Ички иштер министрлиги легализациялоо процедурасынан өтпөгөн, чет мамлекеттик каттоо белгилери бар транспорт каражаттарынын Кыргызстандын аймагында болуу маселелерин жөнгө салуу боюнча  президенттин жарлыгынын долбоорун коомдук талкууга койду.

Ведомстводон түшүндүрүшкөндөй, өлкөдө мыйзам талаптарын бузуу менен алып келинген жана мамлекеттик каттоодон өтпөгөн чет өлкөлүк номурлуу автоунаалар көйгөйү сакталууда.

Буга чейин президенттин 2024-жылдын 31-декабрындагы №398 жарлыгынын алкагында автотранспорт каражаттарын легализациялоо жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө 2025-жылдын 1-апрелинен 1-октябрына чейин 30 миң 86 унаа катталган.

Бирок ИИМдин маалыматы боюнча, Кыргызстандын аймагында ар кандай себептер менен легализациялоодон өтпөгөн 2,5 миңден 4 миңге чейин чет өлкөлүк номурлуу унаалар калууда. Анын ичинде 766 даана унаа атайын айып короолорунда турат.

Буга байланыштуу жарлыктын долбоору төмөнкү чараларды сунуштайт:

Унаа ээлерине 2026-жылдын 1-майына чейин унааларды өлкөдөн чыгарып кетүүгө, тетиктерге бөлүп сатып жиберүүгө же утилизациялоого мөөнөт берүү;

Талаптар аткарылбаган учурда, мындай унааларды атайын унаа токтотуучу жайларга токтотуп, кийин утилизациялоо;

Эгерде унаа ээси жарлыктын талаптарын аткаруу милдеттенмесин алса, айып короосунда унааны сактоо акысын суткасына 100 сомдон 50 сомго чейин арзандатуу.

Ошондой эле долбоордо чет өлкөлүк номурлуу унаалардын өлкөгө киришин эсепке алуу тутумун киргизүү каралган. Маалыматтар мамлекеттик маалыматтык системаларга катталып, ээлерине тастыктоочу документ (анын ичинде электрондук түрдө) берилет. Бул документти ыйгарым укуктуу органдар текшере алышат.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»