01:55, 13-апрель, 2026

Кыргызстандык хоккейчилер бүгүн дүйнө чемпионатындагы акыркы беттешин өткөрөт

На русском
13:57, 12-апрель, 2026 635

АКИpress - Бүгүн, 12-апрелде Кыргызстандын хоккей боюнча улуттук курама командасы Болгарияда өтүп жаткан дүйнө чемпионатындагы акыркы оюнун өткөрөт.

Экинчи дивизиондун («В» тайпасы) турнири София шаарында алты команданын катышуусунда өтүүдө.

Акыркы турда кыргызстандыктар Жаңы Зеландиянын курамасы менен кез келет. Оюн Бишкек убактысы боюнча саат 19:30да башталат.

Төрт турдун жыйынтыгы боюнча Жаңы Зеландиянын эсебинде 7 упай бар жана алар турнирдик таблицада 3-орунда турат. Кыргызстандын курамасында болсо 4 упай бар жана 4-орунду ээлеп турат.

Эгерде Кыргызстандын курамасы негизги убакытта жеңишке жетсе, анда алар дагы 7 упай топтоп, кошумча көрсөткүчтөр боюнча атаандашынан озуп кете алат. Ал эми жеңилишсе, 6-орунга түшүп, үчүнчү дивизионго («А» тайпасы) өтүп калышы мүмкүн.

5-турдун оюндары:

16:00 Исландия — Израил

19:30 Кыргызстан — Жаңы Зеландия

23:00 Болгария — Кытай Тайбэйи

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»